Урматтуу Кара-Кочкор айылынын тургундары!
Биздин сайтка кирүүчүлөр!
Сиздерге Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошов Нурбек Жапашовичке
түз суроо берүү жана сайт аркылуу жоопторду алуу мүмкүндүгү түзүлдү.
Интернет технологияны падалануу менен өкмөт башчысы тургундардын
суроо-талаптарын үйрөнүү,
өз ара алакаларды чыңдоо максатын ишке ашырып жатат.
Сиздер, мүмкүн болсо, суроолорду жазуу менен өзүңүздөрдүн аты-жөнүңүздөрдү,
электрондук почта дарегин же жеке телефон номерди жазууну унутпаңыздар.
Бул талаптар аткарылбай берилген суроолорго жооп да берилбейт.
Суроолор алынган соң, тийиштүү кызматтар аркылуу алардын жооптору такталып,
андан соң гана сайт аркылуу жооптор берилет.
Эгер электрондук байланыш аркылуу кабарлашам десеңиздер,
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн karakochkorao@mail.ru электрондук дарегине жазсаңыз болот